Келишим жолжобосу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)КЕЛИШИМ ЖОЛЖОБОСУ – 1) биркатар өлкөлөрдүн конституциялык укугунда эгер ал мыйзам долбоорун кабыл алуу алардын биргелешкен ыйгарым укугуна кирсе, белгилүү бир мыйзам долбоору боюнча парламенттик жыйындардын өзара келишүүсү. Ал негизинен бири-бирине жөнөтүү же келишим комиссиялары аркылуу жүргүзүлөт. 2) КР эмгек мыйзамдары боюнча, ортомчунун катышуусунда аларды чечүү максатында жамааттык эмгек талаш-тартыштарын элдештирүү комиссиясы менен кароо.